29-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча чемпиондугунда 2 беттеш орун алып, жыйынтыгында өлкөнүн чемпиону, вице-чемпиону жана коло медалдардын ээлери аныкталды. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.
Эскерте кетсек, чемпион болуу мүмкүнчүлүктөрүн "Алай", "Дордой" жана "Алга" командалары сактап келишкен.
"Мелдеш жадыбалында алдынкы орунда турган "Алай" клубу канттык "Абдыш-Ата" командасын утуп, чемпиондук наамын коргоду. А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо өткөн оюн 2:0 эсеби менен аяктады. Голдорду Акрам Умаров менен Максат Алимов жаратты. Бул "алайлыктардын" өлкөнүн чемпиондугунда 3-жеңиши. Оштун клубу өткөн сезондо да жеңген. Ошону менен экинчи борбордун командасы чемпиондук титулун коргоду", - деп жазылган маалыматта.
29-октябрдагы оюндардын жыйынтыгы:
“Дордой” (Бишкек) – “Алга” (Бишкек) - 3:1
“Алай” (Ош) – “Абдыш-Ата” (Кант) - 2:0
Мелдеш жадыбалы:
1-орун. "Алай" 18 оюн, 45 упай
2-орун. "Дордой" 18 оюн, 43 упай
3-орун. "Алга" 18 оюн, 39 упай
4-орун. "Абдыш-Ата" 18 оюн, 22 упай
5-орун. "Кара-Балта" 18 оюн, 14 упай
6-орун. "Ала-Тоо" 18 оюн, 10 упай
7-орун. "Алдиер" 18 оюн, 7 упай