Кыл кыякчы Залина Касымова Москва шаарында өткөн эл аралык сынакта байгелүү болуп кайтты

Белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова Москва шаарында өткөн "КМШ өлкөлөрүнүн Кубогу" Эл аралык сынагында 2-орунга ээ болду. Сынак 21-29-октябрь күндөрү Москва шаарында өткөн. Бул тууралуу SUPER.KG`ге кыл кыякчы өзү билдирди.

"Сынакка катышуу үчүн 20-октябрда учуп кеткенбиз. Абдан жакшы, жогорку деңгээлде өттү. Беш номинация боюнча болду, мен "КМШ өлкөлөрүнүн элдик аспаптары" номинациясында 2-орунду алдым. Ар элдин улуттук аспаптары ар кандай болот эмеспи, андыктан алгач калыстар жеңүүчүнү кантип аныктайт, бири-бири менен кандайча салыштырат деп ойлогонбуз. Жыйынтыгы жакшы болду. Көп нерсени көрүп, көзүбүз ачылды десек болот, себеби чет өлкөдөгү катышуучулардын кандай даярданышарын, бизде кандай даярдык көрүшөрүн байкадык", - деп билдирди Залина Касымова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AIZAD
2016-10-31 11:57:52
Куттуктайбыз!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан