SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө орусиялык 27 ырчынын аткаруусунда "Жить" деп аталган клип жүктөлдү (ник: riana_1996).
Ырда тагдыр берген сыноолорго карабастан, жашоого дем жана күч берүүчү ишеним менен өчпөгөн үмүт тууралуу ырдалат. Жашоо - адамга берилген эң кымбат жана өзгөчө белек. Белгилүү 27 ырчы оор жашоого, сыноого кабылган адамдарга жардам берүү долбоорунун негизинде чогулуп, дал ушул ырды биргеликте аткарышкан. Долбоорго Кыргыз жергесинен чыккан "Город 312" тобунун солисти Ая, Григорий Лепс, Полина Гагарина, Тимати, Мот, Гарик Сукачев, Владимир Кристовский, Валерий Сюткин, Ольга Кормухина, Хибла Герзмава, Ильдар Абдразаков, Сергей Галанин, Александр Скляр, Евгений Маргулис, Даниил Харитонов, Виктория Дайнеко, Юлия Самойлова, Александр Маршал, Татьяна Ткачук, Сергей Мазаев, Николай Расторгуев, Данил Плужников, A'Studio, Алексей Белов, SMASH, Владимир Шахрин катышкан. Долбоордун авторлору адам өзүнүн көйгөйү менен эч качан жалгыз калбашы керектигин айтышат.
Клип интернет ааламына 28-октябрда жүктөлүп, бүгүнкү күндө 4 миллион 600 миңдей жолу көрүлдү. Аны көргүңүз келсе, бул жерди басыңыз.