Шоу-бизнестен бир нече жыл мурун алыстап кеткен ырчы Бегимай Карабаева 5 жылдык тыныгуусунан кийин алгачкы "Кайрылбаймын" ырына клип тарткан. Ырчы бул клипти тартуу ага аябай оор болгонун, продюсер, менеджердин жоктугу сезилип, алардын түйшүгүн эми түшүнүп жатканын айтат. Учурда ага апасы жана курбусу жардам берип жатканын кошумчалады.
"Клипти тартуу оор болду. Клипке Оштогу тамадалар Эржигит жана Нуржигит бекер эле тартылышкан. Башкы каармандын ролун жараткан Малика ал кезде болгону 9-класста окучу. Кичинекей болгонуна карабай клипмейкердин жардамы менен жакшы аткарып бере алды. Маликага бийик такалуу бут кийим менен басыш өтө оор болгон. Клипте да баса албай жатканы бир аз байкалат. Буту ооруганда "чыда эми, чыда" деп жатып тарттык", - дейт ырчы каармандар тууралуу.
Клипти тартууга жардамдашып жүрүп ооруп калганын кошумчалады:
"Клип кышында тартылган, күн суук болчу. Мейманканадагы тартуу иштери биринчи күнү бүтүп, экинчи күнү менин ырдаганым тартылмак. Мына ошол биринчи күнү кыздын чачы учуп турган кадрлар керек болуп, мен улам балкондун эшигин ачып-жаап жүрүп ооруп калыптырмын. Экинчи күнү ооруп, шайым кеткендиктен, диванга жаткырып алып боёнтушкан, бирок кийин ал кадрлар клипке кошулбай калган. Өзүм ооруп жатканым аз келгенсип, камерага көптөн бери түшпөй калганымдан титиреп, сүрдөп, толкунданып жатып тартылгам. Клибимде көздөрүмдөн ооруп жатканым билинип калгандай болуп, өзүмө жакпай калган".
Бегимай Карабаеванын "Кайрылбаймын" ырынын клибин бул жерден көрсөңүз болот.