Эксклюзив! "4 литр суу жутуп, өзүмдү жоготкуча ырдадым" деген Айпери Кубик кызы суу астында тартылган клибин тартуулады

Бүгүн, 31-октябрда "Кыргыз киносу" кинотеатрында ырчы Айпери Кубик кызы режиссёр, клипмейкер, ырчы Санжар Юлдашев менен ырдаган "Не отпускай меня" ырынын клибин тартуулады. Ага ырчынын үй-бүлөсү, жакын санаалаштары, достору келишти.

Кеченин алып баруучусу Самат Эркинбеков: "Санжар клип тартып баштаганда 120 килограмм болчу, азыр 70 килограммга түштү. Айпери да арыктап, "фигурная" болуп калды", - деп клип тартуу түйшүктүү экенин айтып өттү.

Ырчынын атасы Кубик Калыков да кызына ийгилик каалап, бул эмгек акыркы болбошун, ушуну менен токтолуп калбай Америкада да клип тартуу тилегин айтып, бата берди.

Ал эми Айпери Кубик кызы клип тууралуу буларга токтолду:

"1 жаш 2 айлык баламды таштап клипке тартылууга Москва шаарына бардым. Санжар баарын даярдап, жадакалса кийчү көйнөктөрүмдү да алып коюптур. Түнкү 1де концерттен чыгып, таңга чейин клипти бир нече жерлерде тартып, эртең менен саат 9да Бишкекке учуп кеттим. Режиссёр "суу астында бир куплетти ырдап бүтсөң, чоң эрдик кылган болосуң" деди. Андыктан 4 литр суу жутуп өзүмдү жоготкуча көгөрүп жатып ырдадым. Көк бет экениме, чыгармачылык үчүн кандай кыйынчылыктар болбосун чыдаарыма таң калдым. Санжардын мыкты режиссёрлугуна, даярдыгына баа бердим. Сага чоң рахмат!"

Ырчы суу астында тартылганына көпчүлүк ишенбей жатканын айтып, тартуу иштери тууралуу кадр сыртындагы видеону көрсөттү. Андан соң клип көрүүчүлөргө тартууланды.

Белгилей кетсек, клип Москва шаарында, Крымда тартылган. Жалпысынан 2 айдай убакыт кетип, 5 миң доллар жумшалган.

Айпери Кубик кызынын "Не отпускай меня" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

“Клип үчүн сууга болгон фобиямды жеңдим” дейт Айпери Кубик кызы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
afonia8282
2016-10-31 22:25:39
Не отпускай болупэле бүтүп калыптырго....чынын айтсам жакпады
+1
vangolu
2016-10-31 22:34:59
4 литр деп атайын санадынбы.бир клип коргонго ошончо киши келдиби.кыргыз киносуна чогулдунарбы
-4
sibiryak
2016-10-31 22:58:27
Клип эн мыкты болуптур!Бирок Айпериге арыктаган такыр эле жарашпайт экен.Мурдагы татынакай Айпери кайда кеткен?
-1
Birimdik5555
2016-10-31 23:08:54
Жон эле жакшы созунорду айтып койсонор эмне болот,ичи тарлар ушул жерде да конул ооруткан созунорду жазып сындайсынар
-4
limuna
2016-10-31 23:34:22
Супер
+1
chon.alai.
2016-11-01 00:28:40
ушул ырчы айым мага жагат.сезим деген ырын азыр деле угуп келетам
0
Azizbek.kg8
2016-11-01 01:11:05
Админ Диля Момунова деген ырчы бар эле Жаныш Байыш Момуновтордун эжеси Ошол эжекенин Жаачы жамгыр деген ырын жана клиптин кантип тапсам болот жардамдашып койосуздарбы
0
aruuzat88
2016-11-01 01:53:44
Суунун астына тушуп ырдайбы,устуно чыгып ырдайбы ,эн негизгиси бактылуу болсун.
Бакыт,ийгилик каалайм.
+1
Manasemetei
2016-11-01 02:22:35
Нормально.ит уро берет кербен журо берет алга карындашым
0
ainura220888
2016-11-01 02:23:55
Соонун клип болуптур. Прямь жакты мага Крым шаар эмес край. Крым жарым арал. Севастополь Симферополь Ялта Алупка фарос Семиез Аю Даг Коктобель жб шаарлары бар ошолордун биринде тартса керек. Чынында качествосу да клиптин идеясыда жакты. Бул ирет Айпериге +55555
+4
anar8672
2016-11-01 05:33:09
Молодец Айпери клипти аябай сонун чыгарыпсын Алдыга карап ынтыла бер Талантын чексиз кооп эле клиптердин мыктысы болуптур.Анча мынча каментарийлерго маани бербе .Бир уйдун жарыгы баарынын уйуно тийбей карангыда.Уйдогу бактынды шаттыгынды озун коруп билсен жетиштуу
+3
ZOR
2016-11-01 05:53:21
Жакшынакай баланар барэкен Аллахым омуруну узун кылсын, Кызганбаган, тушунгон куйоон бар экен Аллахыбыз инибизге Сабыр берсин, бала карап сени кутуп турат а сен болсо Кучакташып суротко тушуп журосун жаны клип чыкты деп, чындыгында клип жакшы болуптур бирок куйоондун баландын жана атандын козунчо башка эркек менен кучакташып тушкон сурот мага жакпай калды.Субардинация деген бар сен уй булоолу аялсын бир баланын эненсисин жана омурлук жарсын. Уйбулоо коздун карегиндей сакташ к-к.Бактылуу болгула.
+2
Marlen._
2016-11-01 07:35:58
Жакшы эле
0
admin_portal
2016-11-01 11:34:49
Adiko.saitov, жалаң баш тамгалар менен жазууга болбойт!
0
AksyKoitash1985
2016-11-01 15:44:12
Чыгарма озу кимдики экен.Режиссерунуку окшойтго эки айда 120кг дан 70кг га арыктаса тообо 50 кг га арыктаптырда.Айпери аракетине 5.Бирок уйдо эле татыкттуу жар мееримдуу эне болуп эле олтурсан жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан