Өткөн суткада өлкө аймагында 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад шаарында катталган өрт кырсыгында Т.Байзаков көчөсүнөн Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздугунун эрежесинин бузулуусу себеп болгон.