Бүгүн, 1-ноябрда индиялык модель, актриса Айшвария Рай 43 жашка толду. Ал Индиянын Мангалор шаарында төрөлгөн. Болочок киножылдыз өспүрүм кезинде эле сулуулугу менен көпчүлүктүн назарын бурдуруп келген. Окуучу кезинде Айшвария врач болууну тилек кылчу, бирок ата-энесинин каалоосу менен ал Бомбейдеги колледждин архитектура бөлүмүнө тапшырат. Окуусу менен кошо башка тилдерди өздөштүрүүгө аракет кылып, чоң кызыгуунун аркасында беш тилди үйрөнүүгө жетишкен. Келишимдүү, келбеттүү, жөнөкөй кызды моделдик агенттиктин өкүлдөрү байкап, модель болуу сунушун киргизишет. Аз убакыттын ичинде эле "Пепси", "Кока-Кола", "Лореаль" өңдүү фирмалардын жарнамалык түрмөктөрүнө тартылып, модель катары тааныла баштайт.
Айшвария 21 жашында, 1994-жылы "Индия сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү болуп табылат. Ошол эле жылы "Дүйнө сулуусу" наамына ээ болот. Эми Айшварияга моделдик агенттиктерден гана эмес, Индиянын белгилүү кинорежиссёрлорунан да киного тартылуу сунуштары түшө баштаган. 2002-жылы Айшвария тартылган “Девдас” аттуу тасма эң ийгиликүү тартылган фильм деп табылып, сатылуу жагынан Индияда гана эмес, АКШда да рекорд коёт. Мындан тышкары актриса Шахрух Хан, Салман Хан өңдүү белгилүү актёрлор менен бир нече киного чогуу тартылган.
2004-жылы Лондондогу белгилүү режиссёр Гуриндер Чадха актрисага роль сунуштайт. Ошентип, Айшвария биринчи жолу англис тилинде Улуу Британия жана АКШ биргелешип тарткан "Любовь и предрассудки” деген кинодо роль жараткан. Аталган фильмден кийин актрисаны "Hello Magazine`s" аттуу журнал дүйнө жүзүндөгү жагымдуу жүздүү аялдардын катарына кошкон.
Актриса 2007-жылы Индиядагы белгилүү актёр Амитабх Баччандын уулу Абхишек Баччанга турмушка чыккан. Түгөйлөр 2011-жылы кыздуу болушкан. Төрөттөн кийин толуп кеткен актрисага "өзүнө карабайт" деген сындар айтылган. Кийинчерээк актриса диета кармап, бир топ арыктаган.
1-ноябрдын жылнаамасы.