Канттык "Абдыш-Ата" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов машыктыруучулук кызматтан бошотулду. Бул тууралуу аталган клубдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жетекчиликтин мындай кадамына команданын 2016-жылда канааттандырарлык эмес жыйынтык көргөзгөнү себеп болгон. "Абдыш-Ата" быйылкы сезондо Кыргыз Республикасынын Суперкубогуна ээ болгон. Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда болсо 4-орунду ээлеп калган.
Эшеновдун ордуна аталган кызматты убактылуу Аскар Ахметов аркалайт. 35 жаштагы адис акыркы 2 жылда "Живое пиво" клубун машыктырып келген.