Бүгүн, 1-ноябрда "Заманыбыздын супер ырчысы", "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамдарынын ээси, белгилүү ырлардын аткаруучусу, ырчы Гүлнур Сатылганова 48-күзүн белгилеп жатат. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда буларды билдирди:
"Туулган күнүм менен куттуктоо түнкү саат 12ден өткөндөн кийин эле башталган. Алгач Кытайда окуп жаткан уулум телефон чалды. Дос-курбуларым түндө гүлдөрү менен келип, каалоо-тилектерин билдирип кетишти. Ал эми бүгүн таңкы 7:30дан баштап телефонума куттуктоолор келип жатат. Албетте, элдин, күйөрмандардын, сиздердин көңүл бурууңуздар абдан кубантат, баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Буюрса, кечке маал шаарыбыздагы кафелердин биринде өздүк майрамды белгилөө уланат".
Белгилей кетсек, ырчы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарчасында туулган. Мектепти 1985-жылы Токтогулдан аяктап, ал эми 1987-жылы Искусство институтунун хор-дирижёрлук бөлүмүн бүтүргөн. Алгач "Жетиген" ансамблинде, андан соң "Арашан" фольклордук тобунда эмгектенген. Ырчы "Сагыныч", "Ысык-Көлүм", "Кызыл өрүк", "Кызгалдак гүлүм", "Туулган жерди сагынуу" "Булуттар", "Ыр десте" сыяктуу ырлары менен атактуулукка жеткен.
1-ноябрдын жылнаамасы.