Мындан туура 10 жыл мурун Мирбек Иманбековдун аткаруусундагы "Сүйүүнүн керемети" ыры хит чыгармалардын катарын толуктаган. Ал эми ага тартылган клип тууралуу ырчы буларга токтолду:
"Бул ырды угарым менен жактырып, автору Замир Казакбаевден сатып алгам. Ырчы Ильяз Абдыразаков да "ыр хит болот, сөздөрү маанилүү экен" деп аранжировкасын берилүү, кызыгуу менен жасаган эле. Ыр жарыкка чыгып, хит боло баштагандан кийин клип тартууну чечтик. Башкы каармандын образын жаратуу үчүн кызды кастинг аркылуу тандап алганбыз. Ал камерадан уялбай жакшы ойноп берген.
Клипте өзүм иштеп тапкан акчама алган алгачкы унаам тартылган. Кызыгы, боулинг бар жердеги кадрларды тартуу учурунда жыгылып түшкөм. Көрсө, үстү сыйгалак болот экен, жаракат алган эмесмин".
Мирбек Иманбековдун "Сүйүүнүн керемети" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.