Бүгүн, 1-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
11-декабрда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өткөрүүнү бүгүн парламенттик комитет жактырды. Кезек эртеңки пленардык жыйында, тагыраагы, 120 депутаттын добуш берүүсүндө. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин мүчөлөрүнөн жалгыз гана Чолпон Жакупова “Референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзам долбооруна “каршы” деп добуш берди. Комитеттик жыйындын талкуусунда талаш орун алып, жаралган суроо жоопсуз калды. Конституциянын 114-беренесине ылайык, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгарылышы мүмкүн. Суроо дал ушул жерден пайда болду. Азыркы тапта мыйзам эмес, мыйзам долбоору каралып жатат. Мыйзам долбоору мыйзам болуш үчүн ал документ Жогорку Кеңештин үч окуусунда кабыл алынышы зарыл. Буга байланыштуу Мыктыбек Абдылдаев, мыйзам боюнча, адегенде Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алып, андан кийин референдумду дайындоо керектигин айткан. Комитеттин процедураны бузуу себептерине токтолгон Чолпон Жакупова убакыттын тардыгын жүйө кылган. “Ар бир мыйзам долбоорго эки айдай кетмек. Алар катачылык кетирип алышканын кийин гана түшүнүштү”, - деген Чолпон Жакупова.
Бардык алешемдиктерге карабастан, демейде айлап-жылдап кабыл алынуусу кармалган мыйзам долбоорлорунан айырмаланып, референдумду өткөрүү планы чагылгандай тездик менен ишке ашууда. “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоорун парламент 26-октябрда жактырса, ага президент 31-октябрда кол койду. Ал эми бүгүн “Эркин-Тоо” гезитине басылып чыгарылышы менен документ расмий түрдө күчүнө кирди. Эгерде эртең Жогорку Кеңеш референдумду 11-декабрда өткөрүүнү жактырса, анда 1 аптага жетпей ал документ күчүнө кирет деп күтүүгө болот. Кычыраган кыш келатканда бардык көйгөйдү жыйыштырып туруп референдумду өткөрүү бийлик үчүн башкы максатка айланды...
Коалициянын курамы эртең кечинде билинери тууралуу маалымат тарады. Ага чейин тесттик режим. Тагыраагы, эртеңки маанилүү мыйзам долбоорду кабыл алууда “коалицияга кирем” деген фракциялардын позициясы КСДП менен дал келеби, жокпу, ошого жараша чечилгени калды. Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдоо баасын Канатбек Исаевдин фракциялык лидерликтен кол жууп калган окуясынан улам коомчулук билип отурат. Коалицияны куроо мандатын алган КСДП ушул күнгө чейин “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресстен” башка бардык 3 фракция башчылары менен сүйлөшүү жүргүздү. Бүгүн “Республика-Ата Журт” коалицияга кирбей, оппозицияда калат деген ушактар тарай баштады. Бирок 28 мандаты бар “Республика-Ата Журтсуз”, анын лидери Бабановсуз коалиция туруктуу болбошун бийликтегилер билишет жана бул айың кептер бийликтин атайын жасалган тактикасы болушу мүмкүн. Тескерисинче, Өмүрбек Бабановдо азыр кырдаалга жараша колдон чыгаргыс мүмкүнчүлүк бар. Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов, “Кыргызстандын” лидери Канатбек Исаев, “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев – ушул бүгүнкү үч партиянын жетекчилеринин баары “Республиканын” катарында шайланып келген депутаттар болгон. Бабанов командасын кайрадан чогултуп, көпчүлүктү түзсө, анда бул жол чыныгы жаңылануу болмок. Бабанов азыр чечкиндүү кадамдарга барбаса, эртең бийлик андан президенттик креслону алыстатууга бар күчүн жумшаарын билет...
Бишкек шаардык кеңешине болгон буга чейинки шайлоодо жеңишке жетип, аздыр-көптүр депутаттык орунга ээлик кылып келген “Замандаш” партиясы бул жолу шаардык кеңештин шайлоосуна ат салышпай турганы белгилүү болду. Буга дейре “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев учурда партиянын талапкерлерине саясий куугунтук күчөп жатканынан улам шайлоодон баш тартышканын билдирген. Өз кезегинде “Замандаш” партиясы шайлоого катышпай калуунун себебин атайын билдирүүдө түшүндүрмөкчү болуп жатат. Учурда Бишкек шаардык кеңешинде “Ата Мекендин” 7, “Замандаштын” 6 депутаты бар. Партиялардын шайлоодон баш тарта баштаганын айрымдар “бойкот” деп баалашса, кээ бири атайын жасалган стратегиялык кадам экенин айтышууда. Интернеттеги талкууларда “артка ташталган бир кадамдан кийин алдыга эки кадам жасалат” деген пикирлер жазылып жатат...