Кыргыз драма театры Казакстанда өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн IV Эл аралык театр фестивалында 2-орунду алды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге актёр Анвар Осмоналиев билдирди.
"Өткөн жумада Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Талдыкорган шаарында IV Эл аралык театр фестивалы өттү. Ага Кыргыз өлкөсүнөн Кыргыз драма театры Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасы менен катышып, 2-орунду алды. Актёр Азиз Мурадиллаевдин апасы Анара Сыдыгалиева Толгонайдын образын жаратты. Андан башка да көптөгөн актёр-актрисалар катышты", - дейт А.Осмоналиев.
Ошондой эле фестивалга Татарстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүнөн барган театр жамааттары катышканын актёр кошумчалады.