Чемпиондор Лигасында "Манчестер Ситинин" футболчулары "Барселонадан" реванш жана 3 упай алышты

2-ноябрга караган түнү Чемпиондор Лигасы деп аталган ири клубдар аралык футболдук мелдеште 4-тур оюндары ойнолду. Анда "А", "B", "C" жана "D" тайпаларында экиден оюн болду. Жыйынтыгында "Арсенал", "Атлетико", "Бавария", ПСЖ клубдары плей-офф баскычына жолдомо алышты. Оюндардагы башкы окуя англиялык "Манчестер Ситинин" каталондук "Барселонаны" утканы болду. Аталган командалардын акыркы оюнунда 4:0 эсеби катталып, англиялыктар жеңилүү ызасын тартышкан. Бул жолу алар реванш алып, күйөрмандарын кубантуу менен 3 упай алышты.

"А" тайпасы

Бул турда да "Арсенал" жана ПСЖ клубдары атаандаштарын утуп, 3 упай алышты. Бул командалар 4 оюндун жыйынтыгында 10дон упайга ээ болуп, плей-офф баскычына жолдомону камсыздашты. "Базель" жана "Лудогорец" командаларынын карамагында болгону бирден упай бар.

"Базель" (Швейцария) – ПСЖ (Франция) - 1:2

Голдор: Матюиди (43-мүнөттө), Менье (90-мүнөттө) - Дзуффи (76-мүнөттө).

"Лудогорец" (Болгария) – "Арсенал" (Англия) - 2:3

Голдор: Кафу (12-мүнөттө), Кешерю (15-мүнөттө) - Жака (20-мүнөттө), Жиру (42-мүнөттө), Өзил (88-мүнөттө).

"В" тайпасы

Бул тайпада кийинки турга чыгуу үчүн 3 команданын тиреши жүрүп жатат. Алар: "Бенфика" (7 упай), "Наполи" (7 упай), "Бешикташ" (6 упай). Италиялык "Наполи" Стамбулда болгон оюнда кыйын кырдаалда эсепти теңеп, командалар бирден упайга ээ болушту. Жалгыз гана жолу болбой жаткан команда катары киевдик "Динамону" айтсак болот. Команда эсепти 1:1ге айлантуу укугуна ээ болуп, бирок Мораес пенальтиден жаза басты. Команда мелдештен дээрлик четтегенин атаандаштарынын карамагындагы упайлар айтып турат.

"Бешикташ" (Түркия) – "Наполи" (Италия) - 1:1

Голдор: Рикарду Куарежма (79) - Марек Гамшик (82).

"Бенфика" (Португалия) – "Динамо" (К, Украина) - 1:0

Гол: Эдуардо Сальвио (45).

"С" тайпасы

"Манчестер Сити" бул турда абадай керек болгон 3 упайды алды. Машыктыруучу Хосеп Гвардиоланын шакирттери бул үчүн каталондук "Барселонаны" утушту. Албетте, коноктор эсепти ачкандан кийин оюнга кайтып келүү оңой эмес. Ошентсе да манчестерликтер муну ишке ашырышты. Ал эми шотландиялык "Селтик" конокто 1 упай ала алды. Бул турдагы оюндардын жыйынтыгына таяна турган болсок, кийинки турга "Барселона" менен "Манчестер Ситинин" чыгары белгилүү болуп калды. "Барселонада" 9 упай, "Манчестер Ситиде" 7 упай бар. Ал эми "Боруссия" 4 упай менен 3-орунду ээлеп келсе, "Селтикте" 2 гана упай бар.

"Манчестер Сити" (Англия) – "Барселона" (Испания) - 3:1

Голдор: Месси (21) - Гюндоган (39, 74), де Брейне (51).

"Боруссия" (М, Германия) – "Селтик" (Шотландия) - 1:1

Голдор: Штиндль (32) - Мусса Дембеле (76, пенальти).

"D" тайпасы

"D" тайпасында "Атлетико" 12 упайга, "Бавария" 9 упайга ээ болуу менен кийинки турга чыга алды. Ал эми бирден гана упайлары бар "Ростов" менен ПСВ мелдештин эшигин жапканга мажбур болушат. Бирок бул тайпада кызыктын баары аяктады дегенден кабар бербейт. ПСВ менен Ростов өз ара 3-орунду ээлеп, Европа Лигасына чыгуу аракетин көрүшөт. Ал эми "Атлетико" менен "Бавария" тайпадан 1-орунду ээлеп чыгуу аракетин кызуу көрөт, себеби плей-офф баскычында алсызыраак атаандаш менен ойноону максат кылбаган команда бул мелдеште жокко эсе.

"Атлетико" (Испания) – "Ростов" (Орусия) - 2:1

Голдор: Гризманн (28-мүнөттө, 90-мүнөттө) - Сердар Азмун (30-мүнөттө).

ПСВ (Голландия) – "Бавария" (Германия) - 1:2

Голдор: Ариас (14-мүнөттө) - Левандовски (34-мүнөттө, пенальти), Левандовски (74-мүнөттө).

Манчестер Сити - Барселона 3:1
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
MAN-CITY
2016-11-02 11:06:28
Манчестер жакшы ойноду, браво Гвардиола!
+3
Patriot..kg
2016-11-02 11:19:02
Барсанын таш талканын чыгарды да))
+2
G.Bale
2016-11-02 17:26:06
Patriot..kg, ташталканы сухой болгондо чыгат, мисалы Барса-Сити 4-0. А буларда 3-1, бул разгромго кирбейт. Разгромдун кыргызчасы талкалоода)))) Реал-Легия 5-1 тоже талкалоо.
-1
Zynk.kg
2016-11-02 11:32:37
Атлетико чемпион алга!
-3
elmurat.kg
2016-11-05 23:08:30
эмнеге барса утулганын чыгарып, реал ничьясын чыгарбайсынар.ушунча оюндун арасынан барсанын утулганын чыгарасынар эмнегее...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан