30-октябрда Түштүк Кореянын Сувон шаарында өткөн Маданият фестивалында “Биримдик” кыргыз коому 1-орунду алды. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясы билдирди.
Маалым болгондой, фестивалга 2 миңге жакын адам катышкан. “Иш-чаранын жүрүшүндө ар кайсы улуттун салттары көрсөтүлүп, спорттук мелдештер өттү. Ошондой эле улуттук тамак-аштар тартууланды”, - дейт фестивалга катышкандар.
Мындан сырткары лотереялык билеттер ойнотулуп, активдүү катышуучуларга сыйлыктар тапшырылган.