"Үркүн" музыкалык чыгармалар сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Салтанаттуу иш-чарада министрдин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаков кыргыздын материалдык жана руханий маданиятын колдоо жана өнүктүрүү боюнча композиторлордун салымын баса белгилеп, диплом, грамота жана медалдарды тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Сынакка 42 музыканын авторлору катышкан. Калыстар курамын маданият ишмерлери түзгөн. Маалыматка ылайык, Үркүнгө арналган мыкты симфониялык чыгарма болуп Батыт Алишеровдун “Баатырларга” жана Мурзалы Жээнбаевдин “Аалам” аттуу чыгармалары табылды. 2-орунга “Үркүн” чыгармасы менен Сатылган Осмонов жана Райхан Бейшеналиеванын “Үркүн-2016” чыгармалары татыктуу болду. 3-орунду “Мир” чыгармасы менен Наргиза Курманова жана “Мекен ыры” менен Кенжегазы Асанбаев алган.
"Музыкалык аспаптар" номинациясында "Жетиген" чыгармасы менен Эсенгул Жумабаев жана Турдубек Чокиевдин "Залкар" чыгармасы, 2-орунга Бакыт Алишеровдун "Улуу дүйнө" жана "Манас" чыгармасы менен Сатылган Осмонов, 3-орунга "Түш көрүү" чыгармасы менен Таалайбек Дооронов татыктуу болду. "Хор" номинациясында Наргиза Курманованын “Космос” чыгармасы, Акимжан Жээнбаевдин "Эскерме кербези" жана Совхозбек Айткеевдин "Вокализ" чыгармалары мыкты хор чыгармалары болуп табылды.
Кайгылуу окуяларга арналган "Үркүн-2016" мыкты музыкалык чыгармалар сынагына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 1 миллион сом бөлүнгөн.