Индиянын Дели шаарында 18-апрелде старт алган грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык балбандар 3 коло медалга ээ болушту. Анда мекендешибиз Мурат Рамонов күмүш медаль үчүн казак мушкери Нурмахан Тыналиев менен беттешип, утулуп калды. Ошондой эле Лондондо өткөн Олимпиаданын катышуучусу Арсен Эралиев менен Каныбек Жолчубеков да 3-орунга татыктуу болушканы белгилүү болду. Айта кетсек, грек-рим боюнча Азия чемпиондугу 22-апрелде соңуна чыгат. Ага Кыргызстандын атынан 7 спортчу катышууда.