Кыргыз иллюзионисттери Радислав Сафин менен Ольга Крамер өз ысымдарын "Гиннесстин рекорддор китебине" каттатышты. Бул жетишкендик 30-октябрда Индиянын Нью-Дели шаарында болуп, бүткүл дүйнөгө белгилүү уюмдун расмий диплому менен белгиленген. Бул тууралуу SUPER.KG`ге иллюзионисттердин менеджери Каныкей Султанова билдирди.
"Болгон талантыбызды, чеберчилигибизди көрсөтүү үчүн биздин 60 секунда гана убактыбыз бар болчу. Жетишкендик ийгиликтүү болгонуна кубанып жатабыз", - деп билдирген Радислав Сафин.
"Мындан бир нече ай мурун костюмдардын санын 20га чейин көбөйтүп, аларды кыска убакытта кийип-чечүүнү максат кылып койгон элек. Биздин шоунун уникалдуулугу - бардык кийимдер бир гана этникалык стилде болгонунда", - дейт Ольга Крамер.
Белгилей кетсек, кыргыз иллюзионисттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө этникалык кийимдерин бат алмаштыруу таланты менен белгилүү.
Ошондой эле алар ушул жылдын май айында "Болгария таланттарды издейт" шоусунун жарым финалында оюн көрсөтүшүп, саналуу секундаларда 10 улуттук кийим кийгенге жетишип, калыстардын мактоосуна арзышкан.