3-ноябрга караган түнү ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 4-тур оюндары болду. Анда "E" тайпасында кырдаал курчуду. Москвалык ЦСКА конокто ири эсепте утулса, англиялык "Тоттенхэм" өз стадионунда 3 упайдан куру калды.
Ал эми "F" тайпасында "Боруссия" 3 упайга ээ болсо, "Реалдын" атаандашын ута албай, 1 упайга ээ болду. "G" тайпасында плей-офф баскычына жолдомо алган "Лестер" карамагындагы упайлардын санын 10го жеткирди.
"H" тайпасында "Лион" туриндик "Ювентус" менен 1:1 эсебинде ойноду. Бул тайпада "Севилья" алдыга чыкты.
"E" тайпасы
"Монако" (Франция) - ЦСКА (Орусия) - 3:0
"Тоттенхэм" (Англия) - "Байер" (Германия) - 0:1
"F" тайпасы
"Легия" (Польша) - "Реал" (Испания) - 3:3
"Боруссия" (Д, Германия) - "Спортинг" (Португалия) - 1:0
"G" тайпасы
"Копенгаген" (Дания) - "Лестер" (Англия) - 0:0
"Порту" (Португалия) - "Брюгге" (Бельгия) - 1:0
"H" тайпасы
"Севилья" (Испания) - "Динамо" (Хорватия) - 4:0
"Ювентус" (Италия) - "Лион" (Франция) - 1:1