МЕДИА-ПОРТАЛ: "Конокко келген казак кызы "Ойлойсуңбу?" клибине кокусунан тартылып калган" дейт Гүлнара Калдарова

"Сагынамын, мен сени сагынамын,
Сагынганда жаңгактай чагыламын.
Ойлойсуңбу, сен мени ойлойсуңбу?
Ойлогондо кусадар болбойсуңбу?" деген ыр саптары бар "Ойлойсуңбу?" чыгармасы Гүлнара Калдарованын аткаруусундагы бир кезде хит болгон ырлардын катарын толуктайт. "Ырды калың эл жакшы көрөт, андыктан клип тартылып калсын" деген "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын сунушу, демилгеси менен ырга клип тартылган.

Бул тууралуу кененирээк Гүлнара Калдарова буларга токтолду:

"Мен турмушка чыгып кеткенден кийин Гүлшайыр эже "Ыр жакшы, бирок клиби жок. Клип тарттырып берейин" деп калды. Макул болуп, тартуу иштерине кириштик. Ош облусунда жаратылыш коюнунда бир күндө тартылып бүткөн. Клип тартууга атайын жай издеп жүргөн учурда көзүбүзгө жол боюндагы жалгыз бир дарак өзгөчө болуп көрүндү. Анан ошол жерде клип тартууну чечтик. Башкы каармандын ролун жарата турган кыз издеп жүрсөк, тааныштарыбыз Кыргыз жерине Казакстандан конокко келген казак кызды сунушташкан. Кокусунан эле кыргыздардын клибине тартыла баштаган кыз алгач клиптеги жигит менен образга кире албай, бара-бара көнүп, жакшы ойноп берген".

Гүлнара Калдарованын "Ойлойсуңбу?" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан