Эң көп гонорар алган дүйнөлүк жылдыздар: Тейлор Свифт, Адель, Мадонна, Рианна, Бейонсе

"Forbes" басылмасы атактуулардын миллиондорун эсептөөнү улантууда. Бул жолу алар дүйнөгө белгилүү ырчы айымдардын гонорары канча турарын эсептеп чыгышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, бул жылы эң көп гонорар алгандардын сап башында ири өлчөмдөгү, тагыраагы, 170 миллион доллар көрсөткүчү менен ырчы Тейлор Свифт турат. Мындай каржылык ийгиликти ырчыга "1989" аталышындагы дүйнөлүк турне жана "Diet Coke", "Apple", "Keds" компаниялары менен түзгөн келишим алып келген. Андан кийинки орунда 80,5 миллион доллар иштеп тапкан Адель турат. Анын кирешесинин басымдуу бөлүгүн көптөгөн концерт коюулары жана "25" альбомун сатуудан түшкөн киреше түзөт. Үчүнчү орунда мындан 3 жыл мурун жогоруда аталган тизмектин лидери болгон Мадонна 76,5 миллион доллары менен ээлеген. Андан соң 75 миллион доллар көрсөткүчү менен Рианна турса, алдынкы бештикти 54 миллион доллары менен Бейонсе жыйынтыктайт.

Дүйнөдө эң көп төлөнгөн ырчылардын толук тизмеси төмөнкүдөй (доллар менен эсептегенде):

1. Тейлор Свифт - 170 миллион

2. Адель - 80,5 миллион

3. Мадонна - 76,5 миллион

4. Рианна - 75 миллион

5. Бейонсе - 54 миллион

6. Кэти Перри - 41 миллион

7. Женнифер Лопес - 39,5 миллион

8. Бритни Спирс - 30,5 миллион

9. Шанайя Твейн - 27,5 миллион

10. Селин Дион - 27 миллион

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aibars
2016-11-03 17:45:53
Menin ishtep tapkan bir jyldyk 3,600,000 som ele eken(( Birok ushugada shugur. Alarga jetish kaida
-8
BlackMan
2016-11-03 18:12:36
aibars,сен деле булардан кем калышпайт экенсиң
+10
B.B.Sadykov
2016-11-04 14:06:55
aibars,Кыргызстанда туруп айына 300 000ден айлык алсаң, сен миллионер экенсиңер силер
+1
ss90
2016-11-05 00:36:17
aibars,
Анча каякта иштейсиз?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан