Манасчы Дөөлөт Сыдыков Уфа шаарында өткөн эпос айтуучулардын фестивалында байгелүү болуп кайтты. Бул тууралуу манасчы SUPER.KG`ге билдирди.
"Өткөн жумада Башкортостан өлкөсүнүн Уфа шаарында Бүткүл орусиялык дастанчылардын фестивалы болуп өттү. Кыргыз өлкөсүндөгү манасчылардан мен барып катышып келдим. Фестиваль абдан жакшы өттү. Лауреат болуп, 1-орунду алып, төш белги, диплом менен сыйландым", - деди Д.Сыдыков.
"Жалпы Орусиянын карамагындагы түрк тилдүү өлкөлөрдөн, Казакстандан катышуучулар келишти. Дүйнөдө теңдеши жок "Манас" эпосу, манас айтуучулук өнөрү бир гана кыргыз элинде сакталып калган деп бизди башкаларга үлгү кылып чакырышыптыр", - деп кошумчалады манасчы.