Кыргыз футболчулары Филиппин жана Бахрейн курамаларына каршы ойношот, коргоочу Азамат Байматов курамга чакырылды

Футбол боюнча улуттук курам 9-ноябрда Филиппин, 15-ноябрда Бахрейн курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Эки беттеш тең атаандаштардын майданында орун алат.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, улуттук курам учурда Филиппиндин борбору Манила шаарында беттешке даярдык көрүүдө. Филиппинге каршы беттешке 9-ноябрда Бишкек сааты боюнча 18:00дө старт берилет.

Машыктыруучу Александр Крестинин бул эки беттешке карата улуттук курамга төмөнкү футболчуларды чакырган:

Дарбазачылар: Павел Матяш (“Алга” футболдук клубу), Валерий Кашуба (“Дордой”), Калыс Акималиев (“Абдыш-Ата”).

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев (“Дордой”), Валерий Кичин (“Енисей”, Орусия), Виктор Майер (“Эммен”, Голландия), Ильяз Алимов (“Алай”), Данила Сокирченко, Аманбек Маныбеков, Владимир Казакбаев (баары “Абдыш-Ата”), Азамат Байматов (“Аль-Риффа”, Бахрейн).

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков (“Егирдиспор”, Түркия), Фархат Мусабеков (“ТСК-Таврия”, Крым), Эдгар Бернхардт (“Роденхаузен”, Германия), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (“Дордой”), Павел Сидоренко (“Алга”), Одил Абдурахмонов (“Алай”), Ахлидин Исраилов (“Днепр Черкасы”, Украина), Мирбек Ахматалиев ("Дордой").

Чабуулчулар: Виталий Люкс (“Унтерхахинг”, Германия), Виктор Кельм (“Бежания”, Сербия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Rasul1987
2016-11-04 17:02:24
Землянухин жок го ал да кыйын ойнойт эле
0
elmurat.kg
2016-11-04 17:08:03
анын травмасы бар окшойт бир болсо, оюндарга чыкпайтатко.Си[moderated]ттеда жок курамында коп оюндан бери
-5
nurik11-29
2016-11-04 17:24:58
жалан эле орустарго ))кырыгыз оюнчулар жокбу?
+4
Revolyutsiya
2016-11-04 17:31:15
nurik11-29, кыргызбы оруспу биздин жарандар, биздин патриоттор. Бизге Кыргыз же орус болгону эмес, жакшы футбол ойноп Кыргызстандын желегин желбиретип ийгиликтерге жетишкени маанилуу...
+2
kgnur90
2016-11-04 17:47:34
Revolyutsiya,Ак соз!!!Бизге Кыргызстан деген патриот жигиттер керек.
-1
NARYNGRAD
2016-11-04 19:33:18
Антон Землянухин, Мирлан Мурзаев, Даниел Тего аттуу курамдын чыгаан оюнчулары чакырылбаптыр, неге???
-1
USSRKG
2016-11-04 21:13:39
Землянухин-мн Тегону чакырыш керек болчу
-2
L_Messi
2016-11-05 01:09:51
Эн башкысы женип келсин бизди суйунтуп
+2
Ibragimovich
2016-11-05 06:54:35
Эки курама команданы тен утат ишенем!!!Алга Кыргызстан!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан