МЕДИА-ПОРТАЛ: "Образ твой" клибинде заманбап самурайдын образын жараттым" дейт Абир Касенов

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү ырчы Абир Касеновдун "Образ твой" клиби "Жамгырдан кийин күн желеси" аттуу тасмага саундтрек катары тартылган. Ырчы бул чыгармага клип тартуу убактысы 3 жылдан кийин келип жеткенин айтат.

"Образ твой" чыгармасы 2013-жылы жазылган, бирок клип тартуу убактысы эми келип жетти көрүнөт. Адатта бир чыгарманын үстүнөн көпкө иштөөгө туура келет. Бул ирет да ошондой болду. Клип япон-кыргыз режиссёрлору тарткан "Жамгырдан кийин күн желеси" аттуу тасманын саундтреги болду. Бул тасманы көрөрүм менен "Образ твой" ыры мааниси жагынан туура келерин айтып, сунуштадым.

Клипте заманбап самурайдын образын жараттым. Ал үчүн жүзүмдү боёп коюшкан. Чыгарма тууралуу кыскача кыргыздын ыры орус тилинде жазылып, япон стилинде тартылган деп айтууга болот", - деп билдирди А.Касенов.

Абир Касеновдун "Образ твой" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Djal1987
2016-11-07 19:55:49
Абирчик
0
chon.alai.
2016-11-07 21:37:51
ХХХ ХХХ
+1
admin_superstan
2016-11-08 16:00:48
chon.alai., коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
-1
batkendik.18
2016-11-07 21:42:15
А.а кыйратыпсынар япондор м.н
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан