Бишкектин Садыгалиев көчөсүндө чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Өрт саат 16:30да чектөөгө алынды. Учурда 8 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат. Ошондой эле 80 өрт өчүрүүчү иш алып барууда. Дагы 2-3 сааттык жумуш калды. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз болууда", - деп билдиришти ӨКМдан.
Айта кетсек, өрт тууралуу маалымат бүгүн саат 13:03 чамасында келип түшкөн. Анда Садыгалиев көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде пенобетон чыгаруучу заводдо өрт чыкканы айтылган. Кийин өрт кырсыгы күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган кампада чыкканы белгилүү болду.