Иззат Артыковго байланышкан допинг чырына чекит коюлмайынча кыргыз оор атлетчилери ири мелдештерге катыша алышпайт

Иззат Артыковго байланышкан допинг чырына чекит коюлмайынча кыргыз оор атлетчилери ири мелдештерге катыша алышпайт. Мындай чечим Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 4-ноябрдагы отурумунда кабыл алынды.

Агенттиктин директору Канат Аманкулов билдиргендей, буга катар КРнын Оор атлетика федерациясынын иши тыкыр иликтенип чыкмакчы. "Акыркы 13 жыл аралыгында допингге байланышкан 8 окуя болгон. Анын баары коомчулукка белгилүү болбой, федерация өз алдынча чечип келген. Иззат Артыковго байланышкан допинг чыры бизге чоң сабак болду. Бул иш иликтенип бүткөнгө чейин оор атлетчилер ири эл аралык мелдештерге катыша алышпайт. Чечим 1-январдан тарта күчүнө кирет", - деди Канат Аманкулов.

Отурумда бул маселе каралып жатканда федерациянын өкүлдөрүнө сөз берилди. Алар ойлорун айткандан кийин оор атлетика боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров сөз алып, кызматтан кетерин жар салды. "Мен спортчуга допинг ичирген эмесмин, спортчу дагы ичкен эмес. Бул маселе бизде допингди текшерген лабораториянын жоктугунан улам келип чыкты. Көп жылдар бою топтогон тажрыйбам мамлекетке азыр керексиз болсо, анда мен өз каалоом менен кызматтан кетем", - деди Майназаров.

Кошумчалай кетсек, оор атлет Иззат Артыков "Рио-2016" Олимпиадасында 69 килограмм салмакта коло медаль тагынган, бирок көп өтпөй анын канынан допинг табылды деген чечим чыгып, спортчу медалынан ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Patriot..kg
2016-11-06 11:28:05
Ошол колону албай эле койчу. Биз баары бир билебиз сени Иззат. Кийинки олимпте алтын утасын
+19
Sharos3
2016-11-07 16:51:19
Эч кандай препарат колдонгон эмес болуш
керек. Просто коррупция болуп кетти окшойт
ал жагы. Бирок бар же жогу аныкталбаса кийинкиге
Катыша албаганы жаман экен
+1
Ibragimovich
2016-11-06 11:39:24
Эгер мельдоний болсо,эч нерсе эмес.Мельдонийди баардык спортчулар колдонот,просто 2016 жылы эле бул препаратка тыюу салынды.
+5
Bolunbo.kyrgyz
2016-11-06 11:58:40
Кереги жок олимпиадасынын оздору ойной берсин
+16
dina1983-19
2016-11-06 12:13:39
Олипияда өткөнгө чейин текшербейби өткөндөн кийин анау мынау деп катышуучулардын көңүлүнда калтырбай.
+16
jigit.paren
2016-11-06 12:28:07
Бул эч нерсе эмес быйылкы эле болгон нерсе, казактардын Бээжиндеги андан кийинки Лондон олимпиадасындагы оор атлетчилерди жакында эле допинг колдонгон деп медалынан ажыратып койду го канча жыл өткөндөн кийин.
+11
Sharos3
2016-11-07 16:53:05
jigit.paren,
За то алар 4 жыл болсо да жыргап алдыда стипендия деген сыяктуу нерселерди алып
+1
kan_koshcoi
2016-11-06 13:03:12
Бул жерде чон саясат жатат.Тилекке каршы спортту да саясатташтырып ийишти.
Биздин ажобузду бир да мамлекеттин ажолору оздоруно тенебейт,себеби "кайырчы"да.Эч бир мамлекет менен тен-ата суйлошо албайт,ошонун кесепетинен ушундай болду.
+18
erlist
2016-11-06 17:00:43
kan_koshcoi,биздин презденти такыр эле бечара кылып салдын го бироону унижат эткенден ойдолоп кетпейсин...
-6
Nuura-shirin
2016-11-06 13:19:38
Изат медаль утту дегенде ажобуз чалып куттуктабадыбы эле, Эми тактап бербейт бекен
+7
elmurat.kg
2016-11-06 13:29:38
иззат кудай деген бала Озу.колдонгон эмес чынындале.жебеген самсасына акча тологондойле болтатко...Озу баардык тамактарга кошулат бул заттар адамга энергия берсин деп
+5
zhykyo
2016-11-06 14:25:34
Насмайда болот негизи уулу зат болот мумкун нас чегип койгондур оюм да
-3
BlackMan
2016-11-06 14:33:11
Изат дагы кызык интернетке 190-195кг көтөргөн видеолорун байма-бай киргизип жатат, дагы интернетке видеолоруңду көбүрөк киргизсен олимпиададан алтын утасын))тренерлери деле кызык айтпайбы деймда киргизбе деп
+4
chon.alai.
2016-11-06 15:24:34
бир карынды бир кумалак чиритет деген чында
+2
chonko.samat7
2016-11-06 15:44:34
мумкун чын эле ичсе керекда допинг .итчилик иззатанбы кетиби же башкасынан кеттиби ,бир кудай билет
+4
Nurzidarush
2016-11-06 17:21:34
Ibragimovich Мельдоний эмес, стрихнин чыккан допинг-пробасынан
-3
heaven2016
2016-11-06 20:26:54
doping emes
-3
KAPAGAT
2016-11-06 23:43:39
Точно Акаев куноолу)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан