Биз социалдык тармакта

Мушкер Мэнни Пакьяо кайрадан чемпиондук курга ээ болду

Филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо америкалык Жесси Варгасты утуп, Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) версиясы боюнча Дүйнө чемпиону катары чемпиондук курга ээ болду. 6-ноябрга караган түнү 66,6 килограмм салмакта орун алган беттеш 12 раундга созулду. Жыйынтыгында 3 калыс тең жеңишти Пакьяого ыйгарды (114:113, 118:109, 118:109).

Бул беттеш Пакьяонун профессионалдык рингдеги 67-беттеши болду. Мушкер анын 59унда жеңишке жетишип, 6 ирет жеңилүү ызасын тарткан. 2 беттеште тең чыгуу катталган. Ал эми 27 беттеште жеңүүчү аталган Варгас экинчи ирет жеңилүү ызасын тартты.

37 жаштагы мушкер 2015-жылдын май айында америкалык Флойд Мейвезерге утулуп, чемпиондук курунан кол жууган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
USSRKG
2016-11-06 14:48:28
Эхеее Менни красавчик!
+1
erlist
2016-11-06 14:59:21
Бу филипинде депутат(сенат)болуп иштейт еще биздикилер курсагын аран которот мушташмак тугул.
+5
batkendik.18
2016-11-06 15:32:57
erlist,биздикилерда сонун урушат бирок катынча
+2
dina1983-19
2016-11-06 15:36:07
erlist,биздикилерда жеңишке жетип келиштиго эск министр ким эле Мелис Турганбаевби эле күрөш боюнча.
+2
erlist
2016-11-06 16:44:29
dina1983-19,мелис байке ветерандарга катышып келди а бияк профессиональный бокс озунон 12жаш кичуу боксер мн мушташып утуп койду го
+2
Samat1992SM
2016-11-06 16:36:09
Флойд Мейвезер менен болгон мушташта калыстар Флойдго тартып коюшкан очка ээсебинде ууту деп а так Мэнни Пакьяо уткан болчу калыстар тартпаганда
0
Revolyutsiya
2016-11-07 11:26:30
Samat1992SM, мейвезерге кайра чыкса кайра утулат. Аны ута албай калды го...
+1
sadymyrza
2016-11-06 17:28:10
Пакьяо мекени Филиппинде жетишпеген үй-бүлөөлөр үчүн 1000 үй куруп бериптир. Эл адамы деп ушуну айт.
+4
Boroev525
2016-11-06 20:00:11
Пакмен Красавчик
-1
tashi62
2016-11-07 02:19:17
Это просто шоу .
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан