"Кара жорго" атыккан Алиа Силла футбол боюнча өлкө чемпиондугунда экинчи ирет башкы бомбардир аталды (бомбардирлер тизмеси)

Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубунун чабуулчусу Алиа Силла экинчи сезон катары менен мелдеште башкы бомбардир аталды. "Кара жорго" атыккан футболчу өткөн жылы 17 гол киргизсе, быйыл анын эсебинде 21 гол болду. Быйыл экинчи орунду "Алайдын" дагы бир оюнчусу Максат Алимов ээледи (15 гол).

ТОП-Лиганын 2016-жылкы сезонундагы бомбардирлер:

Алиа Силла ("Алай") – 21 гол

Максат Алимов ("Алай") – 15 гол

Мирбек Ахматалиев ("Алга"/"Дордой") – 13 гол

Роман Ковалев ("Кара-Балта") – 10 гол

Манас Абдрасул уулу ("Алдиер") – 8 гол

Олувасен Алерива ("Абдыш-Ата") – 8 гол

Ильдар Амиров ("Алга") – 8 гол

Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой") – 7 гол

Өлкө чемпиондугунда 1-орунду "Алай" ээлесе, алдынкы үчтүккө "Дордой" жана "Алга" клубдары кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KaiMak
2016-11-06 15:50:41
азамат...Ошто домбытада журо берет бул бала)))эми корсом Алиа салам дебесем )))
+5
dina1983-19
2016-11-06 16:00:39
KaiMak,кара жорго десенда болот экен
+2
chon.alai.
2016-11-06 15:57:56
Алиа дебей.Абдылда деп атын озгортсун эми.
+10
jigit.paren
2016-11-06 16:53:23
Буга да атуулдукту берип курама командага чакырыш керек. Анан дагы Рубиндеги Ильзат Ахметовту курамга алса футболубуз дагы алдыга жылат эле.
+2
Nur1k
2016-11-06 19:37:16
jigit.paren, мунун озунун жери, эли бар. Бизге отуп кетсе озунун эли жаман коруп калбайбы?
0
erlist
2016-11-06 16:56:25
Бу да кыргыз кызга уйлонуп алат эмеспи эми
+4
akmatov99
2016-11-06 21:46:51
Алиа Силлла десе кыз деп ойлопмун.:))
-1
Erlan_95
2016-11-06 22:01:16
Жакшы ойнойт
0
Lewa90
2016-11-07 13:23:50
Алиа силланы кыргызстандын жарандыгын берип курама комадабызга чакырабыз деген создорду угуп журом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан