Кытайдагы ушу-саньда боюнча 8-Дүйнө Кубогунда кыргыз спортчулары алтын жана коло медалдарга ээ болушту

Кытайдын Сиань шаарында 4-6-ноябрь күндөрү өткөн ушу-саньда боюнча 8-Дүйнө Кубогунда Кыргыз өлкөсүнөн 2 спортчу катышкан. Бул тууралуу Кыргыз Республикасындагы Ушу-саньда федерациясынан бүгүн, 7-ноябрда билдиришти.

"Дүйнө Кубогу эки жылда бир жолу өтөт. Ага ушу боюнча чемпиондуктун жеңүүчүлөрү гана катыша алышат. Кыргыз өлкөсүнөн 2015-жылы Индонезияда болгон ушу боюнча 13-чемпиондуктун жеңүүчүлөрү Авазбек Аманбеков (56 кг) жана Куан Абдыраимов (90 кг) барган. Египет, Вьетнам спортчуларын жана Дүйнө чемпиону индонезиялык Юзеф Видиянтону уткан Авазбек Аманбеков алтын медалга, ал эми Куан Абдыраимов коло медалга ээ болду", - деп жазылат маалыматта.

"Кезектеги жеңиш Кыргыз өлкөсүн дагы бир жолу жакшы жагынан таанытып, эл аралык аренада атагын чыгарды", - деп кошумчалашты федерациядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shaa-82
2016-11-07 15:21:56
Азаматтар, жагымдуу кабар болду. Ийгилик, алга кыргызым!
0
dina1983-19
2016-11-08 00:35:38
Спортчуларга молодец дейбиз анан эртен эки айдан кийин медалдарын тартып албаса эле спортсмендердин маанайын тушуруп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан