Кыргыз кызы Санкт-Петербургда өзү жасаган айкелдерин көргөзмөгө даярдап жатат

Чет өлкөдө окуп билим алган кыргыз жаштары көп. Алардын баары болбосо да, көпчүлүгү өз өнөрлөрү менен ийгиликтерди жаратышууда. Мындай студенттердин катарын мекендешибиз Тамила Маматова толуктайт. Ал учурда Санкт-Петербургдагы И.Е.Репин атындагы Мамлекеттик көркөм өнөр, айкел жана архитектура академиялык институтунун 5-курсунда окуйт. Тамила Маматова SUPER.KG порталына 25-ноябрдан 9-декабрга чейин "Өмүр сызыгы" аталышындагы өзүнүн көргөзмөсүн өткөрөрүн кабарлады.

"Көргөзмөнүн максаты - кыргыздын улуттук маданиятын орус жергесинде көрсөтүү. Ошондой эле көргөзмө өлкөбүздөгү Маданият жана тарых жылына карата, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына өтөт", - дейт өзүнүн көргөзмөсү тууралуу Маматова.

"Айкел жасоого бала чагымдан кызыкчумун. Кичинекей кезимден сүрөт тартып, пластилин менен көп ойночумун. Кесибимди тандаган соң чыгармачылыкка кириштим. Жалпысынан 10 жылдан бери айкел жасоо менен алектенем", - деди өзү тууралуу.

Тамила Маматова ушул жылы өткөн “Ысык-Көлдүн сыйкырдуу кумдары” аталышындагы кумдан жасалган скульптуралардын фестивалына да катышкан.

"Ал симпозиумга катышып, Манас баатырдын скульптурасын жасагам. Албетте, сүрөттөгү эмгектердин баары меники", - деди айкелчи.

Аталган көргөзмө Санкт-Петербург шаарынан кийин Москвада өтөрү маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zheko
2016-11-08 16:13:14
Өнөрүң өркүндөй берсин !
+5
Temirlan16
2016-11-08 16:21:01
Менин коншум. тамила эже биз сиз менен сыймыктанабыз.ишинизге ийгилик.Ала Бука району. КЕЛТЕ айылы.
+6
sibiryak
2016-11-08 16:31:04
Эн мыкты!!!
+3
senchi
2016-11-08 16:31:35
Ийгилик каалайбыз
+3
chon.alai.
2016-11-08 21:21:09
айкел жазаганды ислам дининде тыюу салат
0
altyn7776
2016-11-08 22:33:16
Азаматсын Тамила. Ушу дааватчылар каерге болсо кыпчылып оло жудотушту, Ислам динин жайына койгулачы, чала молдо дин бузаарлар!!
+2
Kyrgyzym23
2016-11-18 09:57:17
Ишине ийгилик бирок тиги дуйнодо жан киргрзе алам десен коп коп жаса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан