Алматы облусунун тургуну "хиджаб кийбей койгондугу үчүн аялын өлтүргөн" деп айыпталууда

Казакстандын Алматы облусуна караштуу Даулет айылынын 33 жаштагы тургуну "аялын хиджаб кийүүдөн баш тартканы үчүн бычактап өлтүргөн" деп айыпталууда. Окуя 31-октябрда болгон, бирок шектүү ушул убакытка чейин кармала элек.

Каза болгон келиндин апасынын айтымында, кызы эки баласын алып, "намаз окубайм жана хиджаб кийбейм" деп ата-энесиникине кетип калган.

"Ал кызымды аябай катуу урчу. "Мен сага хиджаб кийгизем. Эгер кийбесең, сени курмандыкка чалам" деп айтчу. Биздин көзүбүзчө эле кызыбызды өлтүрүп кетти. Аны токтотуп калууга биздин күчүбүз жеткен жок", - деген каза болгон келиндин апасы.

Маркумдун туугандарынын айтымында, кылмышка шектүү Бактыбай Болатбаев сириялык радикалдардын социалдык тармактардагы видеолорун көп көрө баштаган. Ошондой эле ал “жихадга” кетүүнү каалап жүргөн.

Каза болгон келин буга чейин укук коргоо органдарына “жолдошум урат” деп бир нече жолу кайрылганы белгилүү болду. Алар 6 жыл мурун турмуш курушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bilti
2016-11-08 11:34:18
Намаз окуп, хиджаб кийип туруп кайра күйөөсүнө исламдын туура жолун көрсөтсө болот эле да.
0
Djal1987
2016-11-08 12:35:43
bilti,эми сиз барып ошол адамга туура жолун корсотунуз эгер оюнузду туура корсонуз.
+6
meni_kut
2016-11-08 11:35:12
Кийбесе жообун берип ажырашып, хиджап кийген аялга уйлонуп албайбы.Хиджап парз бирок коркутуу уркутуу жолу менен эмес,акырын жакшылап тушундуруш керек болчу.Исламда киши олтуруу чон куноо.
+18
take220281
2016-11-08 11:52:31
Жаныбызды алганга жалгыз Аллах гана укуктуу. Бул адам Исламдан кабары жок адам, себеби Исламда аял затын терең урматтоо гана көрсөтүлгөн.
+14
Jyrgal8
2016-11-08 12:06:19
Ислам бул кемчилдиги жок таза дин динди жаман атты кылып корсотуп жазып жаткандарда жооп берет себеби ушундай майда жанылыктарды да окусан созсуз бир жеринде Исламды жаман атты кылып корсотконго аракет кылышат анан бул аялын бычактаган жигиттики тушунуктуу эле болуп турбайбы Сириядагы адашкан уюмдун видеолорун коп коро баштаганы чын болсо ошолордун адашканын билбей туура деп эрчип кеткен болсо бул баланыда Мусулмандешке болбойт себеби алардын уюму атайын Исламды жаман корсотуш максатында тузулго
+5
Parish
2016-11-08 12:08:05
Укук коргоо органдарына кээде нааразы болосун да.
Бир нече кайрылганына кайдыгер мамиле жазаганына.
+3
Djal1987
2016-11-08 13:19:13
Parish,укук коргоо органдарына заявлениеге акча кошуп берсек анан карайт. Алар да ойлойт аялы озу куноолу деп. Законду диплом алгандан кийин унутуп коюшат.
+2
Aser80
2016-11-08 12:15:11
Диний фанатизм. Бизде да динди жакшы тушунбой эле озун мусулманмын деген сакалчан фанаттар кобойуп баратат окунучтуусу
+3
Asylbek1981
2016-11-08 13:49:57
Ар бир адамдын кандай динди карманат оз эрки. Бул жерде куйоосу туура эмес кылган. Жакпаса ажырашып эле, башка хиджаб кийгенге уйлонуп алыш керек болчу. Исламда динге мажбурлап откоруу туура эмес. Бирок эн таза, акыйкат, туура жол корсоткон дин, ИСЛАМ дини.
+10
take220281
2016-11-08 13:56:08
Asylbek1981, Асылбек туура айтасыз, тазалыктын баары Исламда!!!
+9
Ayida
2016-11-08 17:03:48
Ислам мн жашагандар аялын урбайт хиджаб кий деп олтурбойт. Бул Сириянын учугу болгон адамго .Ушундайлар динди жаман корсоткондор
+1
Nurkyz1977
2016-11-08 17:11:42
Ар ким озу учун жооп берет Жараткандын алдында
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан