Бүгүн, 8-ноябрда Чүй облустук сотунда Азимжан Аскаровдун ишин кароо уланды. Анда кошумча күбө катары жалпы 6 адам суралып, алардын баары Аскаровдун күнөөсү жок экенин айтышты. Андан соң жактоочу тарап сотко бир катар өтүнүчтөрдү келтирди. Айыпталуучунун коомдук жактоочусу Төлөйкан Исмаилова күбөлөрдү кыйноого алган факт боюнча ишти Башкы прокуратурага жөнөтүп, юридикалык баа берүү өтүнүчүн келтирди. Буга соттук коллегия тиешелүү материалдарды карап чыгуу керектигин айтып, өтүнүчтү ачык калтырды. Ошондой эле жактоочу тарап тергөөчү Жоробековду, эксперт Маматовду, Кубатбек Байболовду, Азимбек Бекназаровду жана Азиза Абдирасулованы дагы суракка алуу өтүнүчүн келтирди. Буга айыптоочу тарап “Ишти жөн эле созо бересиңерби?” деп каршы чыкты. Натыйжада эки тараптын ортосунда кайым айтышуу орун алды. Ал эми сот бул өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырып, ишти 15-ноябрга жылдырды.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.