Алматыда бизнес-борбордогу өрт кырсыгынан каза тапкандардын бешөө студент балдар болгон. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт 6-ноябрь күнү саат 18:04тө башталган. Өрт тууралуу маалымат түшүп, 5 адам дайынсыз экени айтылган. Дайынсыз жоголгондор 6-кабаттан күйүп калган абалда табылган. Ага чейин өрт башталган имараттан 54 жаштагы ширетүү иштерин жүргүзүп жаткан кызматкердин жансыз денеси табылган.
"Каза болгондор 1994, 1995 жана 1996-жылы туулган студент балдар болгон. Алар калаадагы жогорку окуу жайларында окушчу. Окуя болгон күнү алар имараттын чатырында оңдоо иштерин жүргүзүп жатышкан. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт ширетүүчү иштеринен же зымдардын тийишүүсүнөн улам келип чыгышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.