2008-жылдары Ильяз Абдыразаковдун "Сагынамын сени" ыры бардык радиостанцияларда жаңырып, хит чыгармалардын катарын толуктаган.
Ырга тартылган клип тууралуу ырчы буларга токтолду: "Клип Ош облусундагы Папан суу сактагычында тартылган. Башкы каармандын образын жараткан кызды тааныш достор аркылуу издеп тапканбыз. 2 күндө тартылып бүткөн. Жалпысынан 500 доллардай акча каражаты кеткен. Кыйынчылыктарсыз тартылган клип болду".
Ал эми "Казак ырчысы Кайрат Нуртастын "Арман" ырынын клиби менен окшоштугу барбы?" деген суроого мындай жооп узатты: "Окшоштугу эки клип тең суунун жээгинде тартылгандыгы болушу мүмкүн. Менин клибимди тарткан режиссёр суунун жээгинде романтикалуу болот деп айтканынан тартканбыз. Ал эми Кайрат Нуртастын клибинде сууда отургучтар, троллейбустун жүрүп баратканы көрсөтүлөт. Андыктан идеясы анын клибинен алынган эмес".
Ильяз Абдыразаковдун "Сагынамын сени" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.