Бишкекте "кардарга бузук телефонду 10 миң сомго саткан" деген шек менен соода борборлорунун биринин сатуучусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 18 жаштагы Н.Ж. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал соода борборлорунун биринен Э. аттуу жаран анын ишенимине кирип, бузук телефонду 10 миң сомго баалап сатып жибергенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ак-Өргөө жаңы конушунун 28 жаштагы К.Э. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.