Бишкекте тоноочулукка шектелип 47 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 43 жаштагы И.И. кайрылган. Анда ал 23-июнь күнү саат 20:00 чамасында үйүнүн жанынан европа улутундагы белгисиз жаран күч колдонуу менен уюлдук телефонун тартып алганын билдирген.
"Көрүлгөн чаралар менен Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармагынын кызматкери тарабынан кылмышка шектүү катары 47 жаштагы К.И. аттуу шаар тургуну кармалды. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.