Караколдо тамеки тартуудагы этиятсыздыктан селсаяк денесинен күйүк алып, жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"1954 жылы туулган Т.Г. (эркек киши) 2-3-даражада белинен жана жамбашынан 45 пайыз күйүк алып Ысык-Көл облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Жарандын туруктуу жашаган жери жок. Күйүктү тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам алган", - деп айтылат маалыматта.