Элнура Осмоналиеванын "Сейде" тасмасы Түштүк Кореяда өткөн фестивалда баш байгени алды

Режиссёр Элнура Осмоналиеванын "Сейде" кыска даректүү тасмасы Түштүк Кореяда өткөн фестивалда баш байгени алды. Бул тууралуу Кинематография департаментинин расмий сайтында маалымдалат.

"Түштүк Кореяда өткөн кыска даректүү тасмалардын "Азиана" Эл аралык кинофестивалында Элнура Осмоналиеванын "Сейде" тасмасы баш байгени алды. Жалпысынан тандоого 121 өлкөдөн 5 миңден ашуун тасма келип түшкөн. Анын ичинен 31 өлкөдөн 46 гана тасма сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алган. Бардык тандалып алынган тасмалар Кореяда биринчи жолу көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

"Сейде" тасмасында алыскы тоолуу райондордогу айылдардын бириндеги жашоо сүрөттөлөт. Башкы каарман Сейде өзүнүн сүйүктүү аты менен жергиликтүү жаштар менен бирге ат оюндарын ойногонду жакшы көрөт. Бир күнү анын үйүнө күтүүсүздөн кудалар келип калышат. Атасы кызын күйөөгө бермекчи болуп, кызы жакшы көргөн атты анын тоюнда союуну чечет. Мындай чечим Сейдени кайгыртып, алдан тайдыртат. Ал үй-бүлөсүн түшүнүүгө аракет кылганы менен, жакшы көргөн жаныбарын курмандыкка чала албайт эле. Тилекке каршы, экөөнүн тең качып кетүүгө, чоңдор кабыл алган чечимди жокко чыгарууга күчтөрү жетпейт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nur_zhoni
2016-11-09 12:06:00
Кутуктайм, Жакшы жанылык
+1
chon.alai.
2016-11-09 21:40:03
кыргыздын ###### ачып кино тарта бергиле силер элк калдынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан