Бүгүн кыргыз футболчулары Филиппинге каршы ойношот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жолдоштук беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө Манила шаарындагы "Ризал Мемориал" стадионунда орун алат. Кыргыз футболчулары бул оюнга ак түстөгү форма кийип чыгышат.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасы менен Филиппин өлкөсүнүн футбол боюнча курама командалары Бишкекте бет келишкен. Анда оюн 2:1 эсебинде аяктап, кыргыз футболчулары жеңилүү ызасын тартышкан.
Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) рейтинги боюнча өлкөбүздүн курама командасы 99-орунда турса, Филиппиндин курама командасы 124-катарда экенин айта кетели.