Өткөн суткада өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аламүдүн районуна караштуу Достук дачасында өрт кырсыгы катталды. Анда 2-линия көчөсүндө 42 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер менен жабылган турак үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.