Германиянын Берлин шаарында кыргыздын жаш сүрөтчүсү Айбек Ишенбековдун сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.
"Көргөзмөдө улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов эскерилди. Кечеде Айтматовдун замандашы, досу, анын бир канча чыгармаларын немис тилине которгон белгилүү котормочу жана жазуучу Леонард Коcут конокто болуп, Айтматов жөнүндө кызыктуу маек куруп берди. Көргөзмөгө Германиядагы мекендештер келип жатышат. Андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кыргыз өлкөсүндө кайрымдуулукка жумшалат", - деди сүрөтчү.
Көргөзмө 13-ноябрга чейин уланары белгилүү болду.