Бишкекте эки вагон рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 11:30 чамасында болгон.
“Кырсык Бишкектеги Л.Толстой жана Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Анда эки вагон рельстен чыгып кеткен. Андан жабыркагандар болгон жок. Учурда окуянын келип чыгуу себептери такталууда”, - деп айтылат аталган ишкананын маалыматында.