Президентти "чүпүрөк" деп атаган жарандын соту жактоочу келбей калганына байланыштуу башка күнгө жылды

Бүгүн, 9-ноябрда Свердлов райондук сотунда өлкө башчыны "чүпүрөк" деп жана милиция кызматкерлерин кемсинткен жарандын ишин кароо улантылды. Соттук кароонун алкагында жабырлануучу тарап жактоочусу тууганы каза болуп келбегендигине байланыштуу соттук кароону башка күнгө жылдырууну өтүндү.

Буга айыпталуучу Р.Алимовдун жактоочусу эмки соттук кароого жабырлануучу тараптын айткандарын далилдөөчү кагаздарды алып келүүнү өтүндү. Бирок судья жабырлануучу тараптын өтүнүчүн канааттандырды.

Жабырлануучу буга чейинки соттук отурумда айыпталуучу айткандары үчүн кечирим сураганына аны мактады, бирок өзү аны кечире электигин кошумчалады.

Айта кетсек, 11-августта интернетте Р.Алимов орус улутундагы аял менен кайым айтышып, "үйдү бошоткула" деп айтып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Улгайган аялга кыйкырынып сүйлөгөн жаран өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинтип, ошондой эле милиция кызматкерлери жөнүндө да терс пикирин айткан. 43 жаштагы Алимовго карата "бейбаштык" беренесинин 2-бөлүгү (жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо менен коштолгондо) боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
batkendik.18
2016-11-09 19:05:01
Башталды жыла берет жыла берет,кийинкисинде кошунасы бир нерсе болот сериал кино
-1
Djal1987
2016-11-09 19:08:34
2017жылы добушунарды сатпагыла кыргыз элим. Таттыктуу олко башчыга добуш берели. Суйлоор созун билген жигиттерибизге улгу боло турган президент келсе экен.
+8
chon.alai.
2016-11-09 21:11:48
соттоп эмне кылат салык салып койсун балчыйта мамлекетке пайда болот
-2
aruuke9292
2016-11-09 23:00:33
мамлекетке кайдагы пайда,сол чонтоктор иштеп турганда
+3
kemel81
2016-11-10 00:17:15
Чупурокпу же тряпкабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан