Кытайга аткезчилик жолу менен жүк алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-ноябрь күнү Тогугарт ашуусунда чек арачылар тарабынан унаа токтотулган. Анын ичинен чет өлкөлүк өндүрүштөгү 420 бөтөлкө шарап, 120 тетрапакеттеги шире табылган.
“Аткезчилик жүктүн жалпы баасы 150 миң сомду түзгөн. Учурда кармалган Кыргыз Республикасынын жараны жана жүк Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди”, - дейт айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.