Борбор калаада бир нече алдамчылык фактысына шектелген аял кармалды

Борбор калаада бир нече алдамчылык фактысына шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Ж. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Сабира аттуу аял 2015-жылы 10-ноябрда саат 13:00 чамасында Алматы жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен анын ишенимине кирип 2,5 миң доллар турган Ниссан Ларго үлгүсүндөгү унаасын алып, изин жашырып кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 43 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну кармалган.

Учурда кылмышка шектүү мындан башка дагы бир канча алдамчылык фактылары боюнча айыпталууда. Эгер андан жабыркагандар болсо, (0701) 41-15-09, (0551) 10-28-05, (0705) 08-05-05, (0773) 52-95-95 номурлары аркылуу кабарлап коюшса болот”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ashuular_plus
2016-11-09 22:58:33
"Жабыркагандар болсо кайрылгыла" деп жазып коюп бетин жаап салганы кандай?
+1
Nurkyz1977
2016-11-10 11:07:26
ashuular_plus,туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан