"Дүйнө сулуусу-2016" сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып жаткан Перизат Расулбек кызына виза ачылган жок. Кыргыз жериндеги АКШ элчилиги "кайра кайтып келерине бизди ынандыра алган жок" деген негиз менен виза ачуудан баш тарткан. Бул тууралуу Моделдик долбоорлорду уюштурган компаниянын директору Таттыбүбү Самидин кызы SUPER.KG'ге билдирди.
"Виза ачууга ынандыра алган жоксуңар деп виза беришкен жок. Болбосо биз дүйнөлүк сулуулар сынагына катышып жатканын, чакыруу баракчаларын көрсөткөнбүз. Бул сынакка барбай калат дегенди билдирбейт. Эми кайра дагы арыз менен кайрылып көрөбүз. Алар виза ачышы же кайтарып салышы да мүмкүн", - дейт Самидин кызы.
Белгилей кетсек, сынак 26-ноябрдан 18-декабрга чейин АКШнын Вашингтон шаарында өтөт. "Дүйнө сулуусу" наамын алуу үчүн 110 өлкөнүн катышуучулары күч сынашат.
Мындан сырткары АКШнын КРдагы элчилиги "Атанын керээзи" тасмасынын жаратуучуларына да АКШга бир топ фестивалдарга катышуу үчүн виза ачпай койгон.