Борбор калаада турак жай толугу менен күйүп, үй ээси денесинен күйүк алып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Поле Чудес жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анда 80 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана үй мүлкү толугу менен күйүп кеткен. Натыйжада үй ээси К.Турсунаалы 2-3 даражада күйүк алып, "Тез жардам" кызматы тарабынан 4-шаардык оорукананын күйүк бөлүмүнө жеткирилген. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.