Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 09:34 чамасында катталган. Анын очогу Сары-Айгыр тоосунда орун алып, Эркеч-Там айылынан 12 чакырым жана Нура айылынан 13 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.