17-ноябрда кыргыз киносунун 75 жылдыгы белгиленет

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз киносунун 75 жылдыгына карата мааракелик кече өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

"Салтанаттуу кеченин программасында кыргыз киносунун тарыхын чагылдырган тасма жана майрамдык концерт көрсөтүлөт. Уюштуруучулар белгилегендей, филармониянын фойесинде кыргыз кинематографисттеринин жетишкендиги тууралуу көргөзмө уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан