Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин депутат Канат Исаевдин эски иши кайра жанданды

Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин тергөө кайра жанданды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш иши 2008-2010-жылдар аралыгындагы коррупция жана кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча козголгон.

Атайын топ өндүрүштө турган жана негизсиз токтотулган кылмыш иштерин текшерүүгө алган. Анын жыйынтыгында Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин тергөө негизсиз токтотулганы аныкталган. Учурда тергөө иштери кайра жанданды”, - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Айта кетсек, 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев аркалап турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
557
2016-11-10 14:45:06
Ушул болбойт да эми уят да бийлик учун
+10
Rifle_I
2016-11-10 14:55:40
Элге пайда иш жасай албаса анан эмне кылсын. Айласыздан бири бирин чукулап, шайлоого жетсе болду.
+11
Bahira
2016-11-10 14:51:49
Atambaev Allahdan korkchu bir az bolso dagy, Owto bolso eldi burmalap jurot jaw baladai bolup, alarga iwenbegile deisin anan emne saga iwenelebi????? ХХХ ХХХ ХХХ
+10
admin_superstan
2016-11-10 15:22:39
Bahira, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Оозеки эскертүү!
-3
yrysbek
2016-11-10 15:52:33
Мына Куугунтуктоо деп ушуну айтат, Бизде дагы башталды! Атамбаевди суйгондор Конституцияны озгортууну колдогондор, элди,
элдин келечегин, Кыргыз Мамлекетинин келечегин, жаш муундардын келечегин ойлобогондор, оздору ошол креслосунда омур бою олтургусу келгендер ЭЛДИН назары жаман, ойлонгула бир кун келет АЛЛАХ ал кунду жазып койгон буюрса кылган кылыгынардын былыгы чыгып, оз кылган жумушунардын жазасын тартасынар. Элибизде - жерибизде тынчтык болсун.
+5
azamat.k
2016-11-10 15:53:22
Ушундай кантип болсун,конституцияны колдобой каршы чыккандарга иш козгой бергени.Анда бутундой Кыргыз элине иш козосун конституцияны колдободу деп.Атамбаев Аллахтан корк,тиги дуйного сен да барасын,ошондо сурак катуу болот ушул кетишинде.Кай жерге барба каршылаштарын шыбаганы шыбаган,кечээ Ошто да бир сыйра шыбап отту.Бугун Баткенде да шыбаса керек.Кандай адам тушунбойсун.
+5
Omurbek998
2016-11-10 16:12:38
Атамбаев уят Аллахтан коркчу
+4
abdrakhmanovich
2016-11-10 16:24:18
Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса деп жүрөтго башчыбыз... Кызмат бар убакта чыгарчусун чыгарып алайын деп...

+1
yasmina_kg
2016-11-10 17:15:38
Шайлоонун астында Канат Исаев насыядан кыйналгандарга. бизди шайласанар насыядан кутулганга жардам беребиз женилдик кылганга жаны закондорду кийрийбиз деп коп кол чогулкан.Айтканын бирин аткарган жок деп убагында коп элдин колун чогултуп берген насыя алгандардын укугун коргоо боюнча торагасы Акылай Кенекеева безилдеп жургонун коп угабыз.
0
isabek1977
2016-11-10 18:41:24
Олор эчки койчунун таягына сойконот дегендей "текеге" ишенип "койчуга" тийишсен ошондой болот....
-1
AksyKoitash1985
2016-11-10 21:14:22
Кыргыз элим пейлибизди ондобосок жашообуз келечегибиз татаал болуп баратат.Келерки президентик шайлоодо акчага жалган созго алданбайлычы.Бала чакабыздын келечегин ойлойлу Мадумаровду шайласак гоп нерсе озгоорчудой туйулат мага.Ал уйго кайталы дегендей ниетибизди туздоп журогубузго ыйман толтуруп ата бабаларыбыздан калган салттарыбызды эстеп бири бирибизге болгон ишенимди бекемдесек ынтымака жакындасак баары жакшы болчудайго кыргыз элим .Талаада темселеп чарчадыкго.
+1
Ibragimovich
2016-11-10 23:39:32
Жашоо татаалдашып баратат го Кыргызстанда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан