Кыргыз шахматчысы Семетей Төлөгөн Тегин Казакстандагы Караганды шаарында өткөн шахмат боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына бүгүн, 10-ноябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 9-ноябрда аяктаган. Ага эл аралык чеберчилик нормативине ээ болгон 10 адам катышып, айланма ыкмасы менен ойношкон.
"7 оюнда утуп, 1 партияда тең чыктым. Жыйынтыгында 9 упайдан 7,5 упайга ээ болуп, 1-орунду алдым", - деди Семетей Төлөгөн Тегин.
Аталган турнирге Казакстан, Орусия, Украина, Тажикстан өлкөлөрүнүн оюнчулары катышканы белгилүү болду.